VRM-5545N Интенсивдүү терапия бөлүмү үчүн таразалуу бейтап керебети (койка)
VRM-5545N Интенсивдүү терапия бөлүмү үчүн таразалуу бейтап керебети (койка)
Өнүмдүн өзгөчөлүктөрү:
Арткы таяныч, бут койгучу, автоматтык контур, бийиктиги (жогору/төмөн), CPR, тренделенбург абалы, терс тренделенбург абалы 4 кыймылдаткычтын жардамы аркылуу башкарылат.
Керебеттин жайгашуу абалы, анын баш жагындагы кармоочтун сыртындагы «мед айым тарабынан көзөмөлдөө панели» жана аяк жагындагы кармоочтун ички бетинде жайгашкан «бейтаптын көзөмөлдөө панели» аркылуу жөнгө салынат.
Бейтаптын салмагын көрсөтүп туруучу тараза системасы бар.
Баш жана аяк тарабы полипропиленден жасалган жана тазалоого жеңил. Мындан тышкары, булар оңой чечилип, оңой орнотулат.
Баш жана аяк таянычтары өзүнчө ажыратылып чыгарылат.
Жазы бети жеңил тазалануучу 4 даана АБС пластиктеринен турат.
Капталындагы бүктөмөлүү 4 кармоочу полипропиленден жасалып, газ пружинасынын жардамы менен ачылып, жабылуу системасына ээ.
Керебеттин арткы жана аяккы тараптарын автоматтык түрдө жылдыруу функциялары бар.
Аккумулятор отуруп калган учурда дагы үзгүлтүксүз энергия менен камсыз кылат.
Металл шассилери эпоксид-полиэфир электростатикалык боёгу жана АБС пластиги менен капталган.
Керебеттин ар бир бурчунда коргоочу тосмолор орнотулган.
Аппаратка керектүү комплекттер же куйма дары орнотулуучу шаймандар керебеттин төрт бурчунда бар.
Тууралоого боло турган куйма дары илгичи керебет менен кошо берилет.
Керебеттин эки тарабында дренаж баштыктарын кармоочулары бар.
Керебеттин матрасы ным тартпайт жана каптамасы сыдырылып ачылат.